Бишкекке дагы 120 автобус сатып алуу пландалууда

Автобустарды сатып алууга 50 миллионго жакын доллар бөлүнөт. Анын жарымы жеңилдетилген насыя, жарымы грант болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, анда 120 электробус (узундугу 12,5 метр) сатып алуу боюнча долбоордун экинчи этабын талкуулады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Долбоордун алкагында 25 миллион долларлык жеңилдетилген насыя жана 25 миллион 650 миң долларлык гранттын бөлүнүүсү каралууда.
"Биринчи этапта автопарк эмиссиясы жок электр автобустарын алуу менен жаңыланат. Ошондой эле эки троллейбустук депонун инфраструктурасы жаңыртылып, пилоттук "жашыл" мобилдүүлүк коридору түзүлөт, кызматкерлер жаңы автобустарды айдоону үйрөнүшөт", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 140 автобус (узундугу 10,5 метр) сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн.
Бишкекте жол кире канчага кымбаттайт? Депутаттардын сунушу