Өкмөт ОСАГО мыйзамынын мөөнөтүн узарта турган болду

Учурдагы мыйзам боюнча 1-апрелден тарта камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга 3 000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өкмөт автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) тууралуу мыйзамдын аткарылышын кийинкиге жылдыра турган болду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.
Спикер кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, бул жагдай боюнча депутаттардын сунуштарын айтканын белгиледи.
"Ал киши менен кеңештик, 1-апрелден тартып унаасын камсыздандырбагандарга айып пул салынбай жылдырыла турган болду. Президенттин дагы ушундай маанидеги тапшырмасы бар экен. Мөөнөтү узартылат", — деди Шакиев.
Белгилей кетсек, буга чейин бир катар депутаттар даярдык жетишсиз экенин айтып, ОСАГО тууралуу мыйзамдын аткарылышын кийинкиге жылдырууну сунуштаган болчу.
Учурдагы мыйзам боюнча 1-апрелден тарта камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга 3 000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.
ОСАГО полиси боюнча суроо көппү? Видеодон жооп аласыз