Мырзабек Жыпаркулов Мамкурулуштун жетекчиси болуп дайындалды

Агенттиктин буга чейинки директору Нуртазин Жетибаев ээлеген кызматынан бүгүн бошотулду. Анын эмне себептен кызматтан алынганы азырынча белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Мырзабек Жыпаркулов Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Жаңы жетекчи эмгек жамаатка тааныштырылды.
Жыпаркулов 2021-жылдын 3-августунан 16-августуна чейин Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси болгон. Ага чейин ал өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн аппарат жетекчиси, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп иштеген.
Агенттиктин буга чейинки директору Нуртазин Жетибаев ээлеген кызматынан бүгүн бошотулду. Анын эмне себептен кызматтан алынганы азырынча белгисиз.
Жетибаев Мамкурулушту жети ай башкарды, 2022-жылдын 21-июнунда президент Садыр Жапаров дайындаган болчу. Ал Баткендеги үйлөрдүн курулушу кечеңдеп жатканы боюнча башкы подрядчы компанияны сындап келген.
Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу өзүнө кеңешчи жана аппарат башчысын дайындады