Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Япониянын экс-премьери: Москва Киев менен жаңжалды ийгиликсиз аякташы мүмкүн эмес

Моти 2000-2001-жылдары япон өкмөтүн жетектеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Япониянын мурдагы премьер-министри Ёсиро Мори Киев менен болгон жаңжалда Москванын ийгиликке жетпей калышы дээрлик мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу Киодо маалымат агенттиги жазды.
Ал Япония-Индия ассоциациясынын (Japan-India аssociation) жыйынында чыгып сүйлөдү.
Саясатчы Токиодогу жолугушууда: "Чын эле Украинага мынчалык көп күч жумшаш керекпи? Россия утулуп калышы мүмкүн эмес", — деди.
Мори ноябрда уланып жаткан жаңжалдан улам украиналыктардын башына түшкөн кыйынчылыкка президент Владимир Зеленский күнөөлүү деп айткан. Экс-премьер япониялык маалымат агенттиктерин сындап, алардын чыр-чатакты бир жактуу чагылдыруусу ага Европа менен АКШдан келген кабарларга гана таянгандай таасир калтырганын белгиледи.
Моти 2000-2001-жылдары япон өкмөтүн жетектеген.
Эксперт: Abrams, Leopard 2 украиналыктардын ден соолугуна зыянын тийгизет