Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий алакасын чагылдырган 16 сүрөт

Бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Sputnik агенттиги эки өлкөнүн маданий кызматташтыгындагы архивдик ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий алакасына өткөн кылымдын башында чыйыр салынып, кийин жигердүү уланган. Союз маалында кыргыздын бир топ таланттары Ташкенттеги театралдык институттан билим алса, алардын жаштары бизден адистигин жогорулаткан. Ал эми 1969-жылы Ташкентте Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасы болсо, кийинки жылы өзбек маданият кызматкерлеринин катышуусундагы декада Кыргызстанда өткөн.
Андан сырткары, эки республиканын искусство өкүлдөрү бирге тасма тартып, түрдүү маданий иш-чараларды уюштурган. Азыр дагы эки өлкөнүн чыгармачыл инсандары иштешип келет.
1 / 16

Ташкент шаарында Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасын өткөрүү үчүн жолго чыккан маданият кызматкерлери. Фрунзедеги темир жол вокзалы, 1969-жыл.

2 / 16

Өзбек ССРинде декада уюштурган кыргыздар. Ташкент шаары, 1969-жыл.

3 / 16

Өзбекстандыктарга өз өнөрүн тартуулаган атактуу ырчы Болот Миңжылкыев. Ташкент, 1969-жыл.

4 / 16

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисти Кадырбек Чодронов менен Гүлкан Сатаева Ташкенттеги декадада, 1969-жыл

5 / 16

Декада учурунда кыргызстандык жазуучу, прозаик, Ленин сыйлыгынын лауреаты Чыңгыз Айтматов жаштарга автограф берүүдө. Ташкент, 1969-жыл.

6 / 16

Кыргызстанга адабият менен искусство декадасын өткөрүүгө келген өзбекстандыктар. Ош облусунун Сузак районундагы "Эркин" колхозу, 1970-жыл.

7 / 16

Өзбек ССРинин адабият жана искусство декадасынын катышуучуларын тосуп алуу. Токтогул району, 1970-жыл.

8 / 16

Өзбек декадасынын катышуучулары Ош облусунун чабандарынын алдында концерт коюуда, 1970-жыл

9 / 16

Өзбек адабияты менен искусствосунун декадасынын катышуучулары. Нарын облусу, 1970-жыл.

10 / 16

Өзбекстандын "Бахор" элдик бий ансамбли кыргыз бийин аткарууда. Фрунзе шаары, 1970-жыл.

11 / 16

Кыргызстанда 1970-жылы өткөн декадада эки респубиканын маданий алакасы бекемделген

12 / 16

Өзбекстанда сейилдеген Кыргыз ССРинин артисти Ирина Деркембаева менен СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева

13 / 16

СССРдин эл артисти, белгилүү актер Сүймөнкул Чокморов Ташкент шаарында күйөрмандары менен. 1982-жыл

14 / 16

Кыргыздын атактуу кинорежиссеру Төлөмүш Океев Ташкент шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда чет элдик кесиптештери менен. 1986-жыл

15 / 16

Өзбекстандык режиссер Али Хамраевдин "Жетинчи ок" кинофильминде роль аткарган Дилором Камбарова (Айгүл), Сүймөнкул Чокморов (Максумов). "Өзбекфильм" киностудиясы, 1973-жыл.

16 / 16

Кыргыз-өзбек артисттери тартылган "Делбирим" тасмасы. Кыргызстандык актриса Мадина Талипбек менен өзбекстандык актер Улугбек Кадыров.

Тема боюнча:
Бишкек кантип шаарга айланган? XIX-XX кылымдагы сүрөттөр
Болот Шамшиев 82 жашка чыкмак. Режиссерду "эскерген" каармандары
Памир, Ванда жашаган кыргыздар. Журтташтарыбыздын архивдик сүрөттөрү