Бүгүн "Ош" базары иштебейт

Бүгүн-эртең ордо калаанын борбордук көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги "Ош" базары иштебейт. Маалыматты Бишкек шаардык мэриясы таратты.
Анда аталган базарда 31-январда өтө турган санитардык күн 26-январга жылдырылгандыгы белгиленген.
Мэрия мындай чечим Өзбекстандын президентинин сапарынан улам Бишкектеги айрым жолдордун жабылгандыгы менен байланыштуу кабыл алынгандыгын билдирди.
Бишкекте айрым класстын окуучулары онлайн-окууга өтүштү. Себеби