Жасалма долларга көмүр сатып алам деген киши токмок жеди. Видео

Бүгүн социалдык тармактарга бир кишини бир нече адам кармап алып ур-токмокко алып жаткан видео тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Сокулук районунда жасалма долларга көмүр сатып алып жаткан киши шектүү катары кармалды. Бул туурасында Чүй облусунун милициясынан кабарлашты.
Тартип сакчыларга көмүр саткан Ж. Э. кайрылып, 22-январда бейтааныш адам жасалма 200 долларга 1,7 тонна көмүр сатып алгандыгына арызданган. Доллар менен эсептешкенден кийин ага 4 300 сом кайтарып беришкенин, "кардар" ошол замат көздөн кайым болгонун айтып берген.
Милиция Кылмыш кодексинин 223-беренесинин негизинде ("Акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо") иш козгогон.
Бүгүн социалдык тармактарга бир кишини бир нече адам кармап алып ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Шектүүнү эл өзү жазалаганга аракет кылган.
Милиция аны жасалма акчага башка жерден да көмүр сатып алууга аракет кылып жатканда кармаганы белгилүү болду.
"35 жаштагы Ж. А. У. аттуу кишинин жанынан 500 евролук 75 купюра жана 100 долларлык 67 купюра чыккан. Анын бул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы аныкталды", — деп айтышты милициядан.
Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкекте жасалма 5700 долларга криптовалюта сатып алууга аракеттенишкен. Видео