ТИМ: Памирдеги этникалык кыргыздарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө

Боордоштордун ооруларын аныктоо жана дарылоо иштери башталгандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү максатында Бадахшандын Вахан аймагына медициналык топ барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги афган тараптан алынган маалыматка таянып билдирди.
Маалыматта памирлик кыргыздардын ооруларын аныктоо жана тиешелүү дарылоо чаралары башталгандыгы айтылды.
Министрлик өз кезегинде афган тарап менен байланышта экендигин белгиледи.
Медициналык жардам көрсөтүү маселеси 17-январда Тышкы иштер министрлигинде Афганистандын Кыргызстандагы өкүлү менен болгон жолугушуусунда талкуулангандыгы кошумчаланды.
Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат