Дотациядан чыгарат. Нарында пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды

Пилоттук долбоордун алкагында айыл өкмөттөрүнүн алдында кызмат көрсөтүүчү муниципалдык ишканалар түзүлүп, ал мекемелерге жайыт, таза суу, суу чарба, тазалык боюнча коомдук уюмдар киргизилмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Нарын облусунда ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын жакшы абалда кармоо, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча айыл өкмөт башчылары катышкан кеңешме өттү.
Долбоорлор өкмөттүн атайын токтомунун негизинде аныкталып, белгиленген.
Пилоттук долбоор коомдук уюмдардын төлөмдөрдү чогултуу механизмдерин айыл өкмөттөрүнө өткөрүп берүү менен жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу максатын көздөй турганы айтылды. Андан сырткары, айылдардын ирригация, жол, көпүрө, инфраструктура жана башка көйгөйлүү маселелерин жергиликтүү каражаттын эсебинен жетишүүгө ниет кылууда.
1 / 3

Нарын облусунда ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын жакшы абалда кармоо, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча айыл өкмөт башчылары катышкан кеңешме өттү

2 / 3

Долбоорлор өкмөттүн атайын токтомунун негизинде аныкталып, белгиленген

3 / 3

Пилоттук долбоор коомдук уюмдардын төлөмдөрдү чогултуу механизмдерин айыл өкмөттөрүнө өткөрүп берүү менен жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу максатын көздөй турганы айтылды

Аталган аймактын айыл өкмөт башчылары облустук бийлик өкүлдөрү менен административдик реформа жүргүзүү багытындагы пилоттук долбоорду ишке ашырууну маңдай-тескей отуруп кеңешип, талкуулашты.
Пилоттук долбоордун алкагында айыл өкмөттөрүнүн алдында кызмат көрсөтүүчү муниципалдык ишканалар түзүлүп, ал мекемелерге жайыт, таза суу, суу чарба, тазалык боюнча коомдук уюмдар киргизилмекчи. Кызмат көрсөтүүдөн алынган жыйымдар жана жайыт акылары айыл өкмөтүнүн атайын ачылган эсебине чогултулат.
Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров пилоттук долбоорду ишке ашырууда айыл өкмөт башчыларына абдан чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн айтты. Пилоттук долбоордун алкагында айыл өкмөт башчыларынын арасында сыйлыктар уюштурулары, ар бир ишке баа берилери маалым болду.
"Теңир Тоо" өнүктүрүү фондундагы 800 миллион сомду натыйжалуу пайдалануу үчүн айыл өкмөт башчылары долбоорлорду сунушташы керек.
Нарын облусун өнүктүрүүгө акча бөлүндү, каалоочулар кайрылса болот. Телефондор