Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 26-27-январда келет

Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган Кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматта сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болору айтылган.
"Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. Ошондой эле мамлекеттик сапардын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган Кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтөт", — деп билдирди Азымбакиев.
Мындан тышкары, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары айтылды.
Алгач өзбек лидеринин өлкөгө өткөн жылдын 10-декабрында келери айтылган. Бирок мамлекеттик сапардын мөөнөтү жылып, Мирзиёев Кыргызстанга 2022-жылдын аягына чейин келери айтылган болчу. Сапарды жылдыруунун себеби айтылган эмес.
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга 26-январда келери айтылды