Россияда кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды

Мындай механизмди киргизүүнү Борбордук банк сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россияда жарандарды өзүнө-өзү кредит жана карыз алууга чек коюуга мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага киргизүүгө даярдалып жатат. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Мындай механизмди киргизүүнү Борбордук банк сунуштаган.
"Жарандар "Мамлекеттик кызматтар" платформасына кирип өзүнө кредит же карыз алууга тыюу салып же чектөө киргизе алат. Мындай тыюу салынары менен автоматтык түрдө кредит тарыхы бюросуна түшөт. Аны ишке ашыруу үчүн кредит тарыхы жана керектөөчүлөр кредити жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек", — деп айткан "Россия банктары" ассоциациясынын вице-президенти Алексей Войлуков.
Муну менен банктар насыя берип жатканда кредит тарыхы бюросунан чектөөнүн бар-жогун көрө алышат.
Россия кастарын тиккен өлкөлөрдүн газ карызын чет элдик валютада төлөшүнө макул