БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын сөөгү Чоң Чүй каналынан табылып, кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматта 23-январда Аламүдүн айылындагы Чоң Чүй каналындагы суудан буту-колу байланган адамдын сөөгү табылгандыгы айтылат.
“Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун аты-жөнү такталып, ал 2022-жылдын 19-декабрынан бери Аламүдүн РИИБи тарабынан дайынсыз деп катталып, изделип жаткан 34 жаштагы А. К. экендиги аныкталган”, — деп жазылат маалыматта.
Аталган оор кылмышка шектүү делген 32 жаштагы Д. К. менен 23 жаштагы У. Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
“Кармалгандар 19-декабрда жабырлануучуну сабап, колу-бутун байлап каналга ыргытып жиберишкенин мойнуна алышкан”, — деп билдирет Чүй милициясы.
Учурда тергөө иштери уланууда.