Жапаров Лукашенко менен телефондон сүйлөштү. Талкууланган маселелер

Лидерлер кыргыз-беларус кызматташтыгын активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Беларустун өлкө башчысы Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Анын жүрүшүндө президенттер бири-бирин Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен кызуу куттукташты.
"Отуз жылдын ичинде өлкөлөр ортосунда өз ара урматтоонун жана өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн достук мамилелер өнүгүп келе жатканы тууралуу лидерлердин пикири бир чыкты. Эки тараптуу кызматташтыктын бүтүндөй комплекси, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда бара-бара өнүгүп келе жатат", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров кыргыз жана беларус элдеринин достук байланыштары кылымдар бою сыналып, бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.
Тараптар аймактык интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кыргыз-беларус кызматташтыгын активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
30 жыл толду. Лукашенко Жапаровго куттуктоо жолдоду