Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Батыштан келчү танкалар кырдаалды өзгөртө албастыгын моюндады

Президент Владимир Зеленскийдин айтымында, батыштан алып келинген техника Украина армиясын мотивациялоого багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Украинага жөнөтүлчү Батыштын ондогон танкы кырдаалды кескин өзгөртө албайт. Бул тууралуу Владимир Зеленский ARD телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Миң танкы бар орус армиясы бизге каршы турганда 10, 20 же 50 танк берем деген бир дагы мамлекет бул маселени чече албайт", — деген ал.
Анын айтымында, батыш техникасын алып келүү Украинанын армиясын "мотивациялоого" багытталган.
Киев бийлиги бир нече айдан бери чабуул коюучу операциялар үчүн аларга сооттолгон машиналарды бөлүп берүүнү талап кылып келет. Улуу Британия Украинага өзүнүн Challenger 2 учактарын берүүнү убада кылса, Вашингтон Abrams өткөрүп берүүнүн эч кандай пайдасы жок экенин билдирди.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталган соң АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Киевге он миллиард долларлык курал-жарак жөнөтүп, колдоо көрсөтүүдө. Москва өз кезегинде Батыштын курал жөнөтүп жаңжалды создуктуруп жатканын, аларды ташыган транспорттун бардык түрү Россия армиясы үчүн мыйзамдуу бутага айланарын бир нече жолу эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Алаңгазарлык жана эрдик. АКШ Украинанын Крымга сокку урушу үчүн курал береби?