Радио

Окуучуга мыкты мүмкүнчүлүк. Адис улуттук олимпиаданын артыкчылыгы тууралуу

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү саясаты жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова улуттук олимпиада табигый так илимдерге басым жасап келерин айтты.
Sputnik
Мектеп окуучулары арасында 2019-2020-окуу жылынан бери уюштурулуп келе жаткан улуттук олимпиаданын алгачкы этабы 21-январда башталды. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган олимпиада төрт этап менен өтмөкчү.
"Улуттук олимпиаданын биринчи этабы январда, экинчи этабын февралда онлайн форматта өткөрүү пландалган. Биринчи этабы 21-январда башталды. Ал эми калган эки этап март, апрель айларында оффлайн форматта болот. Республикалык олимпиададан айырмаланып, мында окуучулардын санына чек коюлбайт. Кааласа бир класста окугандардын баары бир сабактан катыша алат. Улуттук олимпиада — мектеп окуучулары үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Алар математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча өз күчүн сынай алышат. Жеңүүчүлөр эл аралык олимпиадага барып, катышып келгенге жолдомо алат", — деди адис.
Ал барган сайын мектеп окуучуларынын арасында улуттук олимпиадага кызыккандардын саны өсүп жатканын кошумчалады.