БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Таласта 23 жаштагы кыз баллон менен муз тээп келе жатып, унааны сүзүп көз жумду. Маалыматты Талас облустук милициясы тастыктады.
Кырсык 21-январда Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылында болгон. Милициянын маалыматында, 23 жаштагы кыз муздан баллон менен түшүп келе жатып Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн. Алган жаракатынан улам ооруканадан каза тапканы айтылды.