Кыргызстандын коргоо министри Беларуска барды

Буга чейин эки министр телефондон сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Беларуска барганы тууралуу маалымат аталган өлкөнүн министрлигинин сайтына жарыяланды.
Сапар эл аралык аскерий кызматташуунун алкагында ишке ашып жатканы белгиленип, башка маалымат берилген эмес.
Буга чейин эки өлкөнүн коргоо министрлери телефондон сүйлөшүп, жолугушууга макулдашканы айтылды.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Беларусь Россия, Казакстан жана Тажикстан менен биргеликте ЖККУга мүчө.
30 жыл толду. Лукашенко Жапаровго куттуктоо жолдоду