Радио

Дарыгер: кышында ысык булактарга 15 мүнөттөн ашык түшпөш керек

Үй-бүлөлүк дарыгер Гүлмира Инакбекова суукта ысык булактарга туура түшүү ыкмаларын айтып берди.
Sputnik
Кышында ысык булактарга 15 мүнөттөн ашык түшпөш керек. Бул тууралуу Гүлмира Инакбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жети жашка чейинки балдар жана 70 жаштан ашкан улуу кишилер термалдык сууга түшкөнгө болбойт.
"Ар бир адам дары сууга түшөрдө атайын даярданышы керек. Ысык булактарга кирерден мурда алгач душ алуу абзел. Спирт ичимдиктерин ичпөө шарт. Коюу эмес, суюк жана жеңил тамактарды ичкени дурус. Көп учурда убакытка анча маани бере бербейт, тагыраагы, ысык булактарга 15 мүнөттөн ашык түшпөш керек. Ошондой эле жети жашка чейинки жаш балдарга жана 70 жаштан ашкан кишилерге болбойт. Мындай суудан чыккандан кийин денеге жабышпаган кенен кийимдерди кийүү сунушталат. Андан сырткары, күн сайын эле термалдык сууга түшүүнүн да кереги жок. Бул процедураны 15 мүнөттөн 10 күн жасаган туура", — деди дарыгер.
Ал кыш мезгилинде бассейндерден чыккандан кийин кеминде жарым саат бөлмө температурасында отура турууну эскертип, дароо сыртка чыгып кетүү ден соолукка зыян экенин кошумчалады.