Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Daily Mail: Киевге танк ташуу Европаны радиоактивдүү көрүстөнгө айландырат

Журналист танкаларды жеткирүү Украинадагы жаңжалды ырбатып жатканын ишенимдүү түрдө айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Батыштын Киевге танкаларды ташып келип жатканы Европаны радиоактивдүү мүрзөгө айландырышы мүмкүн. Бул туурасында Daily Mail басылмасынын баяндамачысы Питер Хитченс жазды.
Ал танкаларды жеткирүү Украинадагы жаңжалды ырбатып жатканын ишенимдүү түрдө айтууда. Себеби Батыш өлкөлөрүнүн чечими акмакчылыктын жеткен чегин көрсөтөрүн белгилеген.
Журналист мындай кадамга каршы чыга албаганы үчүн британиялык депутаттарды катуу сынга алган.
"Европанын көпчүлүк бөлүгү радиоактивдүү көрүстөнгө айланып калуу ыктымалдуулугу чындыкка жакындап баратат. Украин жаңжалында АКШ саясатына жетеленүү Улуу Британиянын кызыкчылыгын көздөбөйт. Акыл-эстүү жана ырааттуу тышкы саясат тараптардын бекем компромисске келишине жардам берүүдөн турат. Биз анын ордуна танкаларды жөнөтүп жатабыз. Бул өрт өчүрүүчүлөр барып алып өрт койгон сыяктуу болууда", — деди Хитченс.
Киев бир канча айдан бери чабуул коюу үчүн сооттолгон техникаларды берүүнү талап кылууда. Британ бийлиги Украинага өзүнүн Challenger 2 танкаларын убадалаган, ошол учурда АКШ Abrams техникаларын берүүгө муктаждык болбой калганын билдирген.
Россия өткөн жылдын 24-февралында Украинага атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге жана мазактоого кабылган элди коргоо" деп атаган. Бирок АКШ менен анын НАТО боюнча союздаштары ошондон бери Киевге 10 миллиарддаган долларлык курал жеткирүүдө. Москва Батыш тараптын Украинаны куралдандыруусу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан терс жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин, Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Шольц Украина боюнча чечими менен АКШнын көңүлүн суутту