Окумуштуулар деңиз азыктары бөйрөк ооруларын алдын аларын аныкташты

11 жылдын аралыгында изилдөөгө катышкан 4 944 кишиде өнөкөт бөйрөк оорулар чыга баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Окумуштуулар деңиз азыктарын күбүрөөк жеп туруу бөйрөк ооруларынын өрчүп кетүү тобокелдигин азайтары аныкталганын BMJ жазды.
Адистер 19 өлкөдө жүргүзүлгөн 19 изилдөөнүн маалыматтарын карап чыгышкан. Алар эйкозапентаендик, докозагексаендик, докозапентаендик жана альфа-линолендик кычкылтектерде омега-3 биомаркеринин (деңиз азыктарында камтылган) деңгээлин баалашкан. Алгачкы үч кычкылтек организимге деңиз азыктары аркылуу кирет, акыркысы жаңгактарда, уруктарда, жашылчаларда көп болот.
11 жылдын аралыгында изилдөөгө катышкан 4 944 кишиде өнөкөт бөйрөк оорулары башталган. Натыйжада окумуштуулар деңиз азыктары бөйрөк илдеттеринин пайда болуу тобокелдигин 8 пайызга азайтат деген бүтүм чыгарышкан. Изилдөөдө чылым чегүү, жаш курак, адамдын салмагынын индекси, кыймыл-аракетинин активдүүлүгү жана ден соолугунун жалпы абалы сыяктуу факторлор эске алынган эмес.
Фастфуд боордун май басып кетишине алып келет