Алайда чана тээп жаткан кыз муздун алдына түшүп кетип каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ош облусунун Алай районундагы Чоң-Бүлөлү айылында алты жашар кыз муздун алдына түшүп кетип көз жумду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык кыз чана тээп жатканда болгон.
Жерине Алай районунан ӨКМдин 4 куткаруучусу, ИИМдин бир кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 30 адам барып, бөбөктүн сөөгүн муздун астынан чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен.
Жалал-Абадда эки жашар кыз түтүнгө ууланып чарчап калды. Агасы реанимацияда