БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарынын тургундарынын 68 пайызы жылуулук менен камсыз болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекемеден маалымдагандай, кечээ, 20-январь саат 20:30га карата шаарга ӨКМдин өрт өчүрүү жана жеке менчик унаалары менен 48 тонна суу жеткирилген.
"Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр шаарларынын жылуулук тармагында эмгектенген адистер чакыртылып, көп кабаттуу үйлөрдүн катуу сууктан авариялык абалга келген жылытуучу түтүктөрүн оңдой башташты. Буга чейин №1, №4 отканалар ишке киргизилип, №3 отканага альтернативдүү жол катары жаңы түтүктөр орнотулуп, моторлор коюлду", — деди министрликтен.
Ошондой эле таза суу келүүчү суу түтүктөрүнүн жылытууга мүмкүн болбогон эки чакырым аралык жерине жаңы түтүктөрдү орнотуу максатында 11 техника тартылып, казуу иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей, жылуулук берүү дагы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам калаага өзгөчө кырдаал режими киргизилген.