БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Ушул жылдын май айынан баштап электр энергиясына болгон тариф 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Жапаров бааны жогорулатуу чечими өлкөдөгү энергетика тармагынын абалына байланыштуу экендигин белгилеген.
"Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп отуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт", — деген Жапаров.
Ал Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бир дагы ГЭС курулбагандыгына токтолуп, бул арада калктын саны дээрлик бир жарым эсеге өскөнүн, курулуштар дагы көбөйгөндүгүн жүйө келтирген.
"Чоң кубаттуулуктагы трансформаторлор, жогорку чыңалууда чубалгылар да жаңыланган эмес. Электр жабдыктардын эскирүүсү дээрлик 80 пайыздан жогору. Ошол электр жабдыктары Союз мезгилинде курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө. Анысы аз келгенсип, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзөт. Так кесе айтсам, энергетика тармагыбыз чала жан болуп калган. Акыркы 15 жылдан бери кыш мезгилинде өзүбүздөн чыккан электр энергия жетпей кошуна өлкөлөрдөн 3 миллиард кВт саат электр энергиясын 3 сомдун тегерегинде импорт кылып сатып алып келебиз. Аны элге 0,77 тыйындан беребиз, андан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 тыйындан, тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон аймактарга 0,77 тыйындан лимитсиз берилип, ортодогу айырма баягы эле энергетика тармагынын 137 миллиард карызынын үстүнө карыз болуп кошулуп келет", — деген президент.