Кыргызстандын мамлекеттик ички карызы 90 млрд. сомдон ашты

Бир жылга жетпеген убакытта өлкөнүн ички карызы 18,9 миллиард сомго өстү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча (өткөн жылдын ноябрь айына карата), мамлекеттик ички карыз 90 миллиард 699,7 миллион сомго жетти.
Ачык маалымат булактарына таянсак, бул өлкө тарыхындагы карыздын рекорддук суммасы.
Эске салсак, тышкы мамлекеттик карыз — бул башка өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан чет элдик валютада алынган кредиттер. Ички карыз мамлекеттик баалуу кагаздарды (сом менен) чыгаруу аркылуу түзүлөт. Мамлекеттик баалуу кагаздар бюджетти толуктайт, ал эми сатып алуучулар (финансылык мекемелер, жарандар банктар аркылуу гана алат) дивиденддерден киреше алышат.
Өткөн жылга (ачык маалыматтар боюнча 2021-жылдын аягы) карата мамлекеттик ички карыздын көлөмү:
январь (бул жерде жана мындан ары маалымат айдын аягына карата көрсөтүлөт) — 71 миллиард 833,5 миллион сом;
февраль — 72 миллиард 823,2 миллион;
март — 72 миллиард 887,1 миллион;
апрель — 73 миллиард 989,3 миллион;
май — 74 миллиард 338,2 миллион;
июнь — 82 миллиард 175,1 миллион;
июль — 83 миллиард 249,8 миллион;
август — 83 миллиард 913,1 миллион;
сентябрь — 84 миллиард 615,2 миллион;
октябрь — 85 миллиард 535,8 миллион;
ноябрь — 90 миллиард 699,7 миллион.
Ушуну менен өткөн жылдын январь айынан бери мамлекеттик ички карыздын көлөмү 18,9 миллиард сомго көбөйгөн.
2022-жылдын 11 айында мамлекеттик карызды тейлөөгө (дивиденддерди төлөөгө) 10 миллиард сомдон ашык каражат жумшалды.
Кыргыз өкмөтү быйыл 11 айда карыз төлөөгө 30,6 млрд. сом жумшады