Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Илон Маск АКШнын Украина боюнча кезектеги кадамын сынга алды

Маск эгерде Украина Крымга сокку жасоо ниетинде болуп, аны ишке ашырууга АКШ көмөк көрсөтсө бул дүйнө үчүн да, Украинанын өзү үчүн да коркунучтуу болорун билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск Украина Крымга кол сала турган болсо АКШ аны колдоого даяр деген билдирүүсүн сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Маск The New York Times гезитинде жарык көргөн макала боюнча пикирин билдирген. Анда АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясы Крымдын аймагына сокку жасоо үчүн Украинага дагы кошумча күч керектелери, бул жагдай Киев бийлигинин алдыдагы сүйлөшүүлөрдө позициясы бекем болушун шарттайт деген пикири жазылган. Басылма белгилегендей, Ак үй жарым аралга сокку жасашы үчүн Киевге курал жеткирүүгө акыркы кезге чейин макул болбой келген, бирок азыр бул көз караш акырындан жумшарып келе жатат.
"Мен Украина тараптамын, бирок мындай ырайымсыз эскалация Украинанын өзү үчүн дагы, бүтүндөй дүйнө үчүн дагы коркунучтуу ", — деп жазган Маск социалдык тармактагы баракчасына.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын операция: Илон Маск Украина Куралдуу күчтөрүнө кол кабыш кылабы?