Ата-энеме, бир туугандарыма жакындай албайм. Бөлөк өскөн кыздын каты

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына чоң атасынын колунда эркелеп өсүп, эми өз ата-энеси менен бир туугандарына чоочун болуп жаткан кыздын каты жарыяланат.
Саламатсыздарбы, мен 30 жаштамын. Беш бир тууганбыз. Менден улуу агам жана эжем бар. Мени кичинемден чоң атам багып алган. Раматылык чоң апам чачымды өрүп, куурма чайын жасап, таптаза кийинтип аябай жакшы бакты. Эрке кыз элем. Бир туугандарым келгенде оюнчук талашып уруша кетсек, мага болушуп "кызымды ыйлаттыңар" деп тилдеп, аларды үйүнө кууп калар эле. Пенсиялары тийгенде таттууларын жана базарга кооз көйнөк түшсө мага алып беришчү. Эмнегедир өз апам мени бооруна кысып деле эркелетчү эмес. Атам деле "кызым" деп айта албай, "жакшы ойноп жатасыңбы" деп эле башымдан сылап койчу. Кийин ойлосом, өзүмдүн ата-энем чоң атамдардан тартынып жакындай алышчу эмес экен. Өз үйүмө деле көп барчу эмесмин. Көрсө, чоң энем кызганып, байкуштарым мени ата-энесине кетип калабы деп коркушчу окшойт.
Кийин биз да бой жеттик. Улуулар үй-жайлуу болдук. Чоң атам каза болуп калгандан кийин өз ата-энемди төркүн кыла баштадым, бирок эмнегедир жалгызсырай берем. Апам баарын түшүндүрүп, көзүмдү караса деле аны жеңемдей көрөм. Чоң атам менен чоң апамды сагынам. Мени эркелеткендери, аягандары, оюм менен болуп алкагандарын эстеп кусаланам. Бир туугандарым үйгө чогулганда чакырат, барабыз, бирок өзүмдү конок сыяктуу алып жүрөм. Ээн-эркин каткырып күлүп, өзүм билгендей жүрө албайм. Анымды атам сезгендей мага абдан сылык мамиле жасайт. Ал кишини агамдай көрөм. Бир туугандардын ортосунда деле чындыгында төртөө аябай жакын. Ини-сиңдилерим алардын бир тууганы экенимди мурда билсе деле эми гана толук кабылдап, жакынындай мамиле жасап баштады. "Чоң атамдын кызы" дешчү. Бир чети мени берип коюшканына ачуум келсе, экинчиден, чоң атамдын тарбиясын алып, мээримин көргөнүмө кубанам. Кайрылганымдын себеби, канткенде бир туугандарым, ата-энем менен болгон ортодогу чектөөнү алып коё алам? Алар менен чоң атамдардай жакын болгум келет, бирок боло албай жатам.

Психолог Сажира Абдыкаимова:

Саламатсызбы. Сиздин кайрылууңуз баалуулуктар боюнча ойлоно турган маселени алып чыгат экен. 30 жыл мурунку баалуулук дал ошондой болчу. Ал убакта өзү төрөгөн балдарын башка адамга белек катары берип салуу кадимки көрүнүш болгон. Баланы башкага бергени үчүн ата-эне өзүн күнөөлүү сезген эмес. Өзүн күнөөлөө же күнөөлөбө ар бир адамдын жеке иши. Бирок сиз ата-энеңиз эмне себептен сизди чоң эне, чоң атаңызга бергенин билишиңиз керек. Бул жерде көңүл бурчу жагдай бар. Сиз ата-энеңизди кабыл алышыңыз зарыл. Бул нерсе дароо эле орундалбайт. Кабыл алуу үчүн көптөгөн ой жүгүртүүлөрдү түп тамырынан бери өзгөртүүгө туура келет.
Өзүңүздүн үстүңүздөн иштөөгө даярсызбы? Биринчи кадамдар башталыптыр. Бул көйгөйдү өз алдыңызча чече албайсыз. Кимдир бирөөдөн жардам сураңыз. Балким, психологго кайрыларсыз. Ага чейин ойлонуңуз, эмне үчүн сизди өздөрү тарбиялабай берип койгон? Агаңызды, эжеңизди, иниңизди же сиңдиңизди эмес, дал сизди? Бул суроону сурай алсаңыз, демек, алдыга жылган болосуз. Бирок муну үйгө кирип келип эле "ата, апа, сиздер менен бир маселе тууралуу шашпай сүйлөшөйүн дегем" деп эмес. Кандайдыр бир жолугушууда, өткөн-кеткенди эстеп жатканда сөз арасында сурасаңыз, анан жакындарыңыздын эмоциясына көңүл буруңуз. Эмне үчүн бир туугандарыңыз менен баарлаша албайсыз? Жолдошуңуз бар да? Курбуларыңыз дагы бар чыгар? Алар менен байланышып жатканда өзүңүздү ыңгайсыз сезбейсиз да. Ошол адамдардан бир туугандарыңыздын айырмасы эмнеде? Бардык чектөөлөр, рамкалар биздин гана мээбизде. Аны дагы өзүңүздүн үстүңүздөн иштөөнүн негизинде алып салса болот. Бул рамка кайсыл учурда пайда болгон? Ким тарабынан? Сизге кандай мамиле жасалышын каалайт элеңиз? Бир туугандарга ойдогудай мамиле жасоого эмне тоскоол болуп жатат? Өзүңүздү кабыл алгансызбы? Акча жаатында көйгөйлөр жокпу? Өзүңүзгө ишенүү канчалык деңгээлде жогору? Ушул суроолорго жооп табыңыз. Жогоруда айткандай, психолог менен иштешиңиз. Ийгилик!
Кызганычтан кол көтөргөн жигитке кантип турмушка чыгам. Кыздын даты