Адам өзүнүн эмоционалдык жактан чарчаганын кантип билсе болот? Жооп

Адис чарчоо, стресс, депрессия сыяктуу көрүнүштөрдү өнөкөткө айлантпай алдын алуу туура экенин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Адам өзүнүн эмоционалдык жактан катуу чарчаганын кантип билсе болот? Бул суроого психолог Иркям Ахметова "Известия" гезитине берген маегинде айтты.
Мындай кишилердин алгач уйкусу качып алсырай берет. Жумушка көңүл кош карап, көпчүлүк учурда өзүн туталанып тургандай сезет. Ошондой эле айрымдар көпчүлүккө аралашкысы келбей таарынчаак болуп, чүнчүп кетет.
"Мындай учурда, эң биринчиден, эс алуу керек. Сейилдөө жана жеңил дене көнүгүүлөрү да жардам берет. Ага кошумча В жана Д витаминдерин ичип койгула", — деди адис.
Психологдун айтымында, адамды көбүнчө жумушка байланыштуу көйгөйлөр чарчатып коет.
"Айрымдар ишке берилип, колдон келген аракетин кылат. Бирок кээ бир учурда анын иши өзү күткөндөй бааланбай калат. Дал ушундай нерселерден улам адам эмоционалдык жактан "күйүп" кетет", — деди Ахметова.
Сөзүнүн соңунда ал чарчоо, стресс, депрессия сыяктуу көрүнүштөрдү өнөкөткө айлантпай алдын алуу туура экенин кошумчалады.
Эмне себептен дайыма тамак жегим келе берет? Эндокринолог себебин айтты