Кийинки аптадан тарта ажылык сапарга каттоо башталат

Ажылыкка Кыргызстандан бара турган зыяратчыларга алты миң орун бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Быйылкы ажылык сапарга каттоо 24-январда баштала турганын муфтият билдирди.
Маалыматта 14-февралга чейин 2019-2022-жылдары электрондук кезекке турган талапкерлер 1 000 доллар өлчөмүндөгү алгачкы төлөмдү РСК банкы аркылуу төлөшү керектиги айтылган. Ал эми квитанциясы менен тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшырышы зарыл.
2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер белгиленген убакытта алгачкы төлөмдү төлөй албаса ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат.
Ал эми жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт. Муфтият талапкерлер 1000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала албай турганын эскертти.
Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.
Толук маалыматты 0778 48 61 67, 0558/0708 48 61 67 телефондору аркылуу алууга болот.
Белгилей кетсек, 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстандан бара турган зыяратчыларга алты миң орун бөлүнгөн.
Радио
Абдылдаев: умра сапарынын баасы 1 350 долларды түзөт