РФ окумуштуулары Кара-Кече кенинен жер семирткич алууга болорун аныктады. Маек

Жакында эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2023-2035-жылдарга карата геологиялык жана тоо-кен өнүктүрүү концепциясынын долбоорун коомдук талкууга койду.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков болуп, геологиялык жана тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү концепциясы аталган тармак үчүн багыт болорун белгиледи.
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков
— Тоо-кен өнүктүрүү концепциясында маанилүү эмнелер айтылган?
— Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2023-жылдан 2035-жылга чейин геологиялык жана тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун коомдук талкууга койду. Анда аталган тармакты, анын ичинде ар бир кен байлыкты иштетүү, өнүктүрүү боюнча маселелер жана лицензия берүүдөгү абал көрсөтүлгөн. Жалпысынан концепцияда соңку көрсөткүчтөр, көйгөйлөр тизмектелип, бул тармакты өнүктүрүү үчүн багыт болуп берет. Ошол эле учурда Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясы концепцияга бир катар сунуштарды бердик. Алсак, эң алгач аталган тармакты башкаруу системасын туура тандоо зарылдыгы турат. Анткени Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жер казынасын иштетүү, кайра экологиянын корголушун көзөмөлгө алуу функциясы жүктөлгөн. Бул — министрлик өзүнүн ишине өзү көзөмөл кылат дегендик. Мындай ыкма жакшы натыйжа бербейт. Ошондуктан министрлер кабинетинин жыйынында жалгыз ушул министрлик начар баага татыды. Концепциянын негизинде ишке ашыруу мөөнөтү, каржы булагы жана аны аткарууга жоопкерчиликтүү мекемелер так көрсөтүлгөн программа иштелип чыгышы зарыл.
Бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөр Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин статусун көтөрүп жатышат. Өзбекстан 61дей министрлик менен мекемекелердин санын 27ге түшүрдү. Ошонун ичинен тоо-кен өнүктүрүү иштери менен геология мекемесин бакыйган министрлик кылган. Казакстан да экологияны жаратылыш кен байлыктарын пайдалануу министрлигинен бөлдү. Бир мекемеде отурган жетекчиликтердин бири экологияны коргосо, бири кен байлык казууну сунуштайт. Башкача айтканда, өзүн-өзү көзөмөлдөп калат. Ошондуктан алгач башкаруунун концепциясын чечип алуу керек. Ушуга чейин алтын жана башка баалуу металдарга берилген лицензиялардын саны 2,5 эсе кыскарыптыр. Буга эмне себеп? Мындан бир нече жыл мурун көмүр өндүрүү миллион тоннага да жетпей калган болсо, 2022-жылдын жыйынтыгы менен үч миллион тоннадан ашты. Азыр Өзбекстан менен Тажикстан бизден көмүр алууга даяр болуп турат. Ошого жараша лицензиялардын санын көбөйтүү кажет. Минералдык таза сууларды алууга да лицензиялар арбын берилип жатат.
Программага жооптуу адамдар жана бөлүнгөн финансылык каражат көрсөтүлүшү керек. Союздан кийин деле геология тармагына жүздөгөн миллион сом бөлүнүп келген. Андан тышкары, тиешелүү шаймандар менен каражаттар өзүнчө берилген. 2022-жылы геология тармагына болгону 21 миллион сом бөлүндү. Чындыгында бул көп тармактуу экспедициянын бир кварталдык акчасы. Акыркы 20 жылдын ичинде бир да чоң кен ачыла электиги айтылууда. Алдыдагы он жылдан кийин кайсы кенди иштетерибиз да белгисиз. Өндүрүшкө чалгындоо жасалган жок. Бул концепциянын өзүндө да жазылып турат. Чалгындоо ишине "Кумтөрдүн" чакан кирешесинин 4 пайызын бөлдүргөнбүз. Аны бюджетке берип жатышат. Акыркы маалымат боюнча, ошол 4 пайыздын суммасы 15 миллиард сомго чейин чыкканын уктук. Чалгындоо иштери ар кандай масштабдардын негизинде жүргүзүлөт. Кыргызстандын аймагы 1:500 масштабында — 99,5 пайыз, 1:200-масштабда 99,5 пайызга изилденген. Ал эми 1:50 масштабында болгону 80 пайыз гана изилдениптир. Демек, деталдуу чалгындоо жасалбаган аймактар бар. Кытай жана Тажикстан менен иштешүү келечектүү. Ошол себептен "Кумтөр" берген 4 пайыздан же кен казуучулар төлөгөн роялти салыгынан болобу, чалгындоого сөзсүз акча бөлүнүшү керек.
Профсоюз: Кыргызстандын тоо-кен тармагында олуттуу көйгөйлөр пайда болду
— Кен изилдөөнүн аэрогеофизикалык да түрү бар экен. Бул боюнча бизде маалымат айтылбайт го…
— Бул геофизиканын бир түрү. Космостон да изилдөө жүргүзүүгө болот. Буга чоң финансылык каражат талап кылынат. Кээде геологдор тоодо жүрүп, сыртка чыгып калган ташты лабораторияга алып барганда темир же алтындын бар экени аныкталып калат. Ал ошол геофизикалык приборлордун жардамы менен ишке ашат. Андан кийин кендин аномалиялык картасын түшүрүү иши жүрөт.
— Ушу концепцияда бир катар карама-каршылыктар да кездешип калып жатат. Алсак, чалгындоо иштери үч эсе кыскарганы айтылган, бирок геологиялык тармакты өнүктүрүү принциптерин келечек муунга жеткирүү үчүн резерв түзүлөрү жазылып турат. Чалгындоо жүрбөсө резерв кантип түзүлөт?
— Кумтөрдүн пайдасын башкалар көргөндөн кийин аны келечек муунга сактап, жакшы технологияга ээ болгон соң иштетсек болмок деген да ой бар коомчулукта. Муну адистер бир аз туура эмес көрөбүз. Кен байлыгыбыздын пайдасын дүйнөлүк рынокто да көрүп, иштетип, экономикабызды, жашоо-турмушубузга жакшы каражаттарды таап социалдык абалыбызды оңдошубуз керек. Концепцияда акыркы 20 жылда бир да кен ачылбаганы айтылат, бирок Алайда Шамбет-Сай алтын кени ачылган. Келечекке шарт түзүп берүүчү, бүгүн иштелбей жаткан Жетим-Тоо темир кенин резерв катары айтсак болот. Бирок экономикалык болжолдуу эсептер менен алганда Жетим-Тоодон кыргыз эли азыр иштеп жаткан алтын кендериндей пайда таба албайт. Жумгалдагы Сандык жана Баткендеги Зарделек деген алюминийдин сырьёсу жаткан чоң кендерибиз бар. Андан тышкары, Куттуу-Сай кен жайында түрдүү металлдардын кору жатат. Көлдө литийдин кору табылган, көмүрдүн түрү чыккан кендер бар. Келечекте электромобилдерди чыгарабыз десек литий абдан маанилүү болуп турат. Кара-Кечеде көмүрдүн кору 300-400 миллион тоннага чейин жетип калышы ыктымал. Бел-Алма көмүр кени да ачылды. Анын болжолдуу кору бир миллиард тоннага жетиши ыктымал. Кокс көмүрүн өндүрсөк болот. Россиянын окумуштуулары Кара-Кече көмүр кенинин үстүңкү катмарындагы кычкыл көмүртектен жер семирткичтерди чыгарууга болорун айтышууда. Ошондой эле окумуштуулар андан бензин, газ, мазут да табышкан.
— Бул концепцияга эмнелер кирбей калган жана эмнени кошуу керек?
— Мамлекеттик деңгээлде башкаруу структурасын түзүү менен мамлекеттик кыргыз геология мекемесинин статусун көтөрүү керек. "Кыргыз алтын" мекемеси өлкөдөгү бардык алтын кендери менен иш алып барып жатат. Учурда "Кумтөр" ЖАКы (жабык акционердик коому) дагы эле "Кумтөр голд компани" деген аталыш менен келүүдө. Анын да макамы менен уставын карап чыгуу зарыл. Мындан тышкары, мамлекеттик деңгээлде алтынга тийиштүү иштин баары "Кыргыз алтын" мекемеси аркылуу жүргүзүлөрү тууралуу документ чыккан. Буга да ушундай кошумча функция берилиши күтүлөт. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын деле макамын көтөрүп, холдинг же акционердик коомго айлантуу абзел. Анткени көмүр казып жаткан ишканалардын деле саны 20дан ашты. Холдинг түзүү үчүн бюджеттен акча бөлүнүп, даярдык иштерин жүргүзүп, техника алуу керек. Антпесе кышка даярдык иштерине мурдагы жылдагыдай жетишпей калат. Мурдагы жылы даяр болбой калып 400 миң тонна көмүрдү Казакстандан алып, аларга 20 миллион сомду төлөп берип койдук.
Совет убагында чалгынданган кендердин запасы 10-15 жылда түгөнүшү мүмкүн. Маек