Социалдык маанилүү товарлардын кымбатташын ооздуктоочу мыйзам долбоору каралды

Учурда товарлар бир айдын ичинде 20 пайызга кымбаттаса гана мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеште "Баа түзүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Документтин социалдык маанилүү товарлардын баасынын негизсиз көтөрүлүшүн ооздуктоого жол ачарын айтышты.
Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, учурдагы мыйзамда жашоого биринчи кезекте керектелген товарлардын бир айдын ичинде 20 жана андан ашык пайызга кымбаттаса мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет.
"Практика көрсөткөндөй, социалдык маанидеги товарлардын баасынын өсүшү акырындык менен жүрүп, 20 пайызга көтөрүлбөйт, ал учурда товарлар элге жеткиликтүү болбой калат. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мыйзам долбоорунда бааларды жөнгө салууну киргизүүнүн босого өлчөмүн алып салуу сунушталууда", — деп айтылат маалыматта.
Тагыраак айтканда, мыйзам кабыл алынса баанын негизсиз жогорулап жатканы байкалары менен мамлекеттик органдар чара көрүүгө укуктуу болот.
Социалдык маанидеги товарларга төмөнкүлөр кирет:
Буудай уну, кара буудай;
Нан (форма);
Пастерленген сүт 2,5-3,2 пайыз майлуулукта;
Өсүмдүк майы (күн карама жана пахта);
Май;
Эт (уй, кой эти, чочконун эти, канаттуу эти);
Кант;
Күрүч;
Макарон;
Жумуртка;
Картошка;
Көмүр;
АИ-80 жана АИ-92 бензини, дизель майы;
Суюлтулган газ.
Антимонополия социалдык маанилүү товарлардын орточо баасын жарыялады