Депутат: Максим Бакиевдин мурдагы жерлери президенттик аппараттын менчигине өттү

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Депутат Дастан Бекешев качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин мурдагы жерлери президенттик аппараттын менчигине өткөнүн билдирди.
Ал "Бишкек башкы архитектурадан" анын өтүнүчү боюнча келген катты көрсөттү. Жерлер Бишкек шаарындагы Скрябин, 45 жана 45/а даректеринде жайгашкан.
Катта бул жерлерге шаардык кеңештин чечими менен көп кабаттуу үйлөр курула тургандыгы айтылган.
Эсе салсак, аталган жерлер боюнча узакка созулган сот процесстери болгон.
"Кумтөр" кимдерди ала жатат. Ташиев Акаев, Бакиев баш болгон бир топ ысымдарды атады