Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Сөзсүз жооп кайтарабыз. Крым Киевдин чабуул жасоо ниетине үн катты

Жакында Владимир Зеленский эгер Батыш Украинага оор техника берсе Крымды кайтарууга аракет кыларын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Крым парламентинин башчысы Владимир Константинов РИА Новостиге Киев бийлиги жарым аралга чабуул жасоого аракет кылса аларга жооп иретинде сокку уруларын билдирген.
Буга чейин New York Times өз булактарына таянып, АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Киевге Крымдын аймагына сокку уруу үчүн кошумча күчтөр керектигин моюнга ала баштаганын жазган. Ал эми өз кезегинде Владимир Зеленский Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сөз сүйлөп жатып эгер Батыш Украинага оор техника берсе, Крымды кайтарып алууга аракет кыларын айткан.
"Таң калыштуу эч нерсе жок. Анткени каракчылык-каннибалдык ой жүгүртүү Киевге да, Вашингтонго да бирдей мүнөздүү. Бирок биз жооп кайтарганда нааразы болушпасын", — деди Константинов.
Анын айтымында, крымдыктар мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында түзүлгөн Украина мамлекетинен биротоло бөлүнүп, тарыхый тандоо жасашты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи Антонов: Россия Крымга жасалган чабуулду жоопсуз калтырбайт