Казакстан менен Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна акча салат. Шарты

Жыл башында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетиктери Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун "жол картасына" кол коюшкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Казакстан менен Өзбекстан электр энергиясына алмашып Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна акча салат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Депутат Жаныбек Кыдыкбаев үч мамлекет аталган ГЭСтин курулушу тууралуу документке кол койгонун эскертип, коңшу республикалар кандай шартта инвестиция жасай турганына кызыкты.
"Өлкөлөр ортосунда "жол картасына" кол коюлду. Шартыбы? Алар электр энергиясын алып, курулушка акча салышат. Электр кубатынын көлөмү салган акчасынын өлчөмүнөн көз каранды болот", — деди министр.
Эскерте кетсек, 6-январь күнү Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетиктери Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун "жол картасына" кол коюшкан.
Кыргызстан бийлигинин айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСи жергиликтүү энергетиканын флагманы болуп калмакчы. "Камбар-Ата-1" жана "Камбар-Ата-2" станциялары толугу менен ишке кирсе 1 000 мегаватт энергия өндүрөт, бул азыркы Токтогул ГЭСи чыгарып жаткан энергиянын көлөмүнө тете көрсөткүч. Камбар-Ата-1ден жылына 5,6 миллиард киловатт-саат энергия өндүрөрү күтүлүп жатат.
Аталган станциянын курулушу 8-июнда башталган.
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга 26-январда келери айтылды