Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Германияны биринчи болуп Украинага танк берүүгө көндүрө алган жок

Берлин Пентагон биринчи болуп техника жеткиришин талап кылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Украинага танк берүү маселеси Вашингтон менен Берлиндин ортосунда талаш жаратты. Бул туурасында америкалык аскерий серепчи Уильям Дж. Хенниган The Time басылмасына макала жазганын РИА Новости билдирди.
Пентагондун башчысы Ллойд Остин менен Германиянын жаңы коргоо министри Борис Писториус жолугуп, ар бир тарап өз аргументтерин келтирүү менен эмне үчүн Украинага танкаларды биринчи жеткириши керектигин айтышкан. Тагыраагы, америкалык делегация Abrams танкына караганда немецтер чыгарган Leopard күйүүчү майды аз ичерин, оңдоп-түзөө да оңой экенин, ошондой эле Европанын баарында жеткиликтүүлүгүн билдирген.
"Берлин жеке сүйлөшүүлөрдө Вашингтон биринчи болуп танкаларды жеткириши керектигин талап кылган. Бирок Байдендин администрациясынын азырынча мындай планы жок. Танк үчүн чыккан талаш — бул Батыштын Украинаны колдошунан улам чыккан кезектеги дагы бир араздашуу", — деп жазган Хенниган.
Ал эми CNN телеканалы Ак үйдөгү маалымат булактарына таянып Пентагондун башчысы Германияны танкаларды биринчи болуп беришине көндүрө албай кайтканын билдирди. Соңку күндөрү Европа биримдигинин бир катар мамлекеттеринин башчылары Германиянын президенти Олаф Шольцту Leopard 2 техникаларын жеткирүүгө ачык эле үндөп жатканы байкалууда.
Россиянын атайын операциясы башталгандан бери Украинаны АКШ жана анын НАТОдогу союздаштары колдоп, баасы ондогон миллиард долларды чапчыган курал-жарак менен камсыздап жатат. Москва Батыштан курал-жарактын ташылышы жаңжалды ансайын ырбатып жатканын бир нече жолу билдирген.
Россия нефтисин импорттоого салынган тыюудан Германия жабыркаганы айтылды