Францияда RT каналынын банк эсебине бөгөт коюшту. Симоньяндын комментарийи

RT France жетекчиси Ксения Федорова редакциянын Франциядагы эсептери жабылганын, банк бул кадамын өкмөттүн буйругу менен жасаганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян RT France эсебине Франция бийлигинин көрсөтмөсүнөн улам бөгөт коюлганы боюнча пикирин айтты.
РИА Новостинин жазганына караганда, RT France жетекчиси Ксения Федорова редакциянын Франциядагы эсептери жабылганын, банк бул кадамын өкмөттүн буйругу менен жасалганын билдирген.
"Франциядагы биздин RT France каналынын эсептеринин баарын жаап салышты. Мына ушундай либерте, эгалите жана фратерните (эркиндик, теңдик жана бир туугандык — ред.)", — деп жазды Симоньян.
Франциянын мамлекеттик кеңеши декабрдын башында Arcom аттуу медиажөндөгүч Eutelsat француз спутник операторуна россиялык "Россия 1", НТВ жана "Биринчи каналдарын" "Репортеры без границ" (RSF) уюмунун суроосу менен Россиянын, Украинанын аймагында берилишин карап чыгууга көрсөтмө берген.
Акыркы жылдары Батышта россиялык ЖМКлардын абалы улам оорлоп бара жатат. 2016-жылдын ноябрында Европарламент орус ЖМКларына карата каршы аракеттердин зарылдыгы боюнча резолюция кабыл алган. Анткен менен башкы документте кооптуу деп Sputnik менен RT аталган. Башында америкалык сенаторлор, конгрессмендер турган батыштык бир катар саясатчылар жана Франция президенти Sputnik, RT каналын АКШ, Франциядагы шайлоого кийлигишти деген кине тагышкан. Анткен менен буга эч кандай далил келтире алышкан эмес. Россиялык расмий өкүлдөр бул курулай күнөөлөө экендигин айтышкан.
Россия БУУдан Марат Касемге байланыштуу кырдаалга көңүл бурууну талап кылды