Былтыр МИКтин жардамы менен 1 804 адам үй-жайлуу болду

2022-жылдын декабрь айына карата 19 695 жарандын тизмеси Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан бекитилген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталынын эсебинен 1 804 адам турак жайлуу болду. Алар жалпысынан 4 655 миллион сомго ипотекалык насыя алышканын Финансы министрлиги билдирди.
"2022-жылдын 31-декабрына карата "Менин үйүм 2021-2026" программасына катышуу үчүн электрондук порталга 56 800 жаран катталган. Анын ичинен 19 695 жарандын тизмеси Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан бекитилсе, кезекте 9 100 жаран банктардын кароосунда турат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик 2022-жылга карата "Менин үйүм 2021-2026" программасын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3,8 миллиард сом бөлүнгөнүн кошумчалаган.
Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан турак жай алуунун жол-жобосу менен кенен таанышып алсаңыз болот.
Бишкектин 11-кичи районуна көп кабаттуу үй курганга инвестор изделүүдө. Эскиз