Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи: АКШ кыйратуучу саясат жүргүзүп жатканын Россия дайым эскертип келет

Дипломат Россия өзөктүк курал колдоном деп коркутуп жатат деген сөздөргө да жооп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Россия АКШнын жүргүзгөн саясаты дүйнөнү бүлгүнгө кептей турганын дайым эскертип келет. Бул тууралуу РФтин Кошмо Штаттардагы элчиси Анатолий Антонов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Вашингтон бизди "согуш талаасында" стратегиялык жеңилүүгө дуушар кылабыз деген аракети менен ааламды апаатка жетелеп бара жатат", — деди Антонов журналисттерге.
Дипломат ошондой эле Россия өзөктүк курал колдоном деп коркутуп жатат деген сөздөргө да жооп берди.
"Россиянын саясий жана аскер жетекчилигинен бирөө дагы өзөктүк курал колдонуу тууралуу айткан эмес", — деди ал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага ташталган "темир-тезек": эскилиги жеткен НАТОлук курал... Сереп