УКМК Мамкурулуш агенттигинин департамент жетекчисин кармады

Кеп 4 миллион 500 миң сом көлөмүндө мамлекетке келген зыян туурасында жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
Анда М. У. Ж. аттуу директордун мурдагы кызматында, тагыраагы, Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп тургандагы мыйзамсыз иштери аудиттин текшерүүсүнөн кийин билингени маалымдалган.
Кеп 4 миллион 500 миң сом көлөмүндө мамлекетке келген зыян туурасында жүрүп жатат.
Ага (М.У.Ж. – ред.) Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп турганда материалдык пайда алуу максатында подрядчы "Дос-строй" үчүн акча каражаттарын которууну кечиктирүү, аткарылган иштердин көлөмүн кабыл алуудан баш тартуу түрүндө жасалма тоскоолдуктарды жараткан деген айып тагылууда.
"М.У.Ж. мындай аракеттери "Дос-Строй" ЖЧКсын өзүнө тиешелүү болгон "Болот уста" ЖЧКсы менен субподрядчы келишимин түзүүгө жол ачып бергендиги аныкталган. Өз кезегинде, Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына 3 миллион сомдон ашык акча каражаты пара түрүндө "Болот уста" ЖЧКсы тараптан эмгек акы төлөнгөн", — деп билдирди УКМКдан.
Аны менен катар эле социалдык объектини тапшыруунун мөөнөттөрү бир топ кечиктиргендигине байланыштуу Беловодское айылдагы орто мектептин курулуш иштеринин көлөмү бүтпөй калганы да белгиленген.
УКМКдан учурда тиешелүү тергөө жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.
УКМК: Чүйдө мектеп курууда 15 млн. сом желген. Мурдагы жетекчилер кармалды