Малик Аликеевдин сөөгү жерге берилди

Таланттуу өнөрпоз 17-январда узакка созулган оорудан улам каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бүгүн, 19-январда, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Малик Аликеевдин сөөгү өзү туулуп өскөн Таластын Көпүрө-Базар айылында жерге берилди. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Эскерте кетсек, көптөн бери ооруп жүргөн таланттуу өнөрпоз 17-январь күнү кайтыш болгон.
Малик Аликеев 54 жашта болчу. Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.
Ал "Мөлмөлүм", "Арзыкан", "Таласым" сыяктуу бир нече ырларды аткарып таанымал болгон. Филармониянын алдында түзүлгөн "Эл ырчысы Эстебес" тобунда 16 жашынан бери эмгектенип келген.
2022-жылы шум ажал алып кеткен белгилүү кыргызстандыктар