Валентина Шевченконун кийинки атаандашы жана мелдештин күнү аныкталды

Кыргызстандык спортчу өткөн жылы чемпиондук наамын жети ирет коргогон.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченконун кезектеги атаандашы аныкталды. Бул тууралуу ESPN басылмасы жазды.
Маалыматта беттеш үстүбүздөгү жылдын 4-мартында Лас-Вегаста UFC 285 турниринде мексикалык Алекса Гроссо менен болору айтылат. ESPN өз булактарына таянып, тараптар макулдашууга жетишкенин кабарлаган.
Кыргызстандык спортчу акыркы беттешинде бразилиялык Тайла Сантосту жеңген. Муну менен Шевченко негизги кармашта жетинчи жолу чемпиондук курун коргогон.
Валентина Шевченко тыныгуудан кийин кимдер менен беттешүүнү каалаарын айтты