Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Луганск: жардыруучу заттар катылган жай табылды. Видео

Sputnik
ЛЭРдин аймагында диверсиялык-террордук актыларды даярдоого катыштыгы барлар изделүүдө. Бул тууралуу РИА Новости өзүнүн Telegram-каналында билдирип, видео жайгаштырды.
Луганск Элдик Республикасынын мамлекеттик коопсуздук боюнча министрлигинин кызматкерлери аталган аймактан колго жасалган жардыруучу жабдууларды тапкан. РИА Новостинин күч түзүмүндөгү маалымат булагы алты минадан турган бул түзүмдүн калибри 120 миллиметр экендигин айткан.
"ЛЭРдин мамлекеттик коопсуздук боюнча министрлигинин кызматкерлери эл жашаган жерден колго жасалган жардыргыч түзүм катылган жайды тапкан", — деп айтып берген агенттиктин маалымат булагы.
Анын билдиргенине караганда, кооптуу куралды карап чыкканда мина жардыруу жаатында машыгып калган адистер жасагандай элес калтырат.
"Алты минадан турган колго жасалган, салмагы алты килограммга жакын 120 миллиметрлик жарылуучу зат ошол жерден эле жок кылынган", — деп айткан ал.
Тема боюнча:
Донецк: украин согушкерлеринин аткылоосунан соң эки аялдын сөөгүн алып чыгышты