БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергиясы график менен өчүрүлүп жатканын моюндады.
Анын айтымында, саат 17:00дөн 24:00гө чейин нормадан 450-480 мегаваттка ашык колдонулуп жатат.
"Кечинде электр энергиясын колдонуу жогорку чекке жеткенине жана генерациялоочу кубаттуулуктун жетишпегенине байланыштуу бир саатка өчүрүлүп жатат. Биз бир эле аймакты алты-жети саат жарыксыз калтырган жокпуз. Бир сааттан ашык эмес убакытка гана токтотуп, кийин башка линияны өчүрүп жатабыз. Мындай иштер кезек-кезеги менен жасалууда", — деди Ибраев.
Ошондой эле министр электр тогу көп колдонулуп жаткан аймактарды аныктап бүтүп, кечээ өчүрүүлөрдүн графиги жарыяланганын билдирди. Ал график энергетикалык мекемелердин сайттарына чыгып, жергиликтүү бийликке дагы берилгенин кошумчалады.