Бишкектеги Батыш автобекетинде ири өрт чыкты. Видео

Учурда кырсыктын себеби такталып, материалдык чыгым эсептелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май районунда жайгашкан Батыш автобекетинде ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
19-январда таңга маал чыккан өрттү өчүрүүгө төрт бригада тартылган.
1 / 2

Бишкектин Биринчи май районунда жайгашкан Батыш автобекетинде ири өрт чыкты

2 / 2

19-январда таңга маал чыккан өрттү өчүрүүгө төрт бригада тартылган

"Тилсиз жоо саат 5:56да чектөөгө алынып, саат 8:54тө толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.
Транспорт жана коммуникация министрлиги өрт автобекеттин биринчи кабатындагы ашканадан чыкканын. “Алдын ала маалымат боюнча, өрт күйгүзүлгөн бойдон калган жылыткычтан келип чыккан. Кырсыктын себебин тактоо үчүн комиссия түзүлдү”, — дешти министрликтен.
Ичип алып автоунаа айдаган 13,7 миң киши кармалган. Милициянын жыл жыйынтыгы