Радио

Жыгач терезелерди кантип туура жылуулоо керек? Инженердин кеңеши

Туруктуу энергияны каржылоо KyrSEFF долбоорунун инженери Салават Соронбаев кыш мезгилиндеги катуу суукта үйдү кантип жылуу кармаса боло тургандыгын айтты.
Sputnik
Үйдөгү температураны жылуу кармап туруунун эң эле жөнөкөй жана арзан ыкмасы — жыгач терезедеги жылчыкчаларды пахта менен бүтөө. Бул тууралуу Салават Соронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул эски ыкманы азыр деле колдонсо болот.
"Ызгаарда үйдөгү температуранын төмөндөп кетиши бөлмөдөгү эшик жана терезелердин жылууланбаганы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Көп учурда жөнөкөй жана арзан жолдор менен эле үйдү бир калыпта жылуу кармап турса болот. Алардын эң эле эффективдүү ыкмасы — жыгач терезелерди пахта менен бүтөө. Ооба, бул эски ыкма. Бирок бүгүнкү күндө деле күчүн жоготкон жок. Тескерисинче, эң ыңгайлуу ыкмалардын бири. Эшик жана терезе туура жылууланбагандыктан бөлмө муздап калат. Ошол эле маалда күн тийгенде жыгачтан жасалган терезелердин арасында боштук пайда болушу мүмкүн. Бул учурда жылчыкчалардын баарын бүтөө шарт. Мындай ыкма менен үйдөгү жылуулукту сыртка чыгарбай сактап кала алабыз", — деди Соронбаев.
Ал үй кышында тердеп кетпеши үчүн заманбап терезелерди кышкы режимге коюу керектигин кошумчалады.