Ысык-Көлдө багажына атылган тоо текени салып бараткан тургун кармалды. Сүрөт

Кармалган жаран текшерүүчүлөргө жапайы жаныбарды атууга эч кандай уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес.
Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 18-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө багажынан атылган тоо теке табылган жолтандабастын ээси кармалганын облустук милиция кабарлады.
1 / 2

Ысык-Көлдө багажынан атылган тоо теке табылган жолтандабастын ээси кармалганын облустук милиция кабарлады

2 / 2

Маалыматта Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана биоресурстар регионалдык башкармалыгынын өкүлдөрү менен Ак-Суу РИИБ кызматкерлеринин биргелешкен рейд жүргүзгөнү айтылат

Маалыматта Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана биоресурстар регионалдык башкармалыгынын өкүлдөрү менен Ак-Суу РИИБ кызматкерлеринин биргелешкен рейд жүргүзгөнү айтылат.
"Түргөн" постунан Toyota Land Cruiser Prado автоунаасы токтотулган. Аны Зындан айылынын 40 жаштагы А.А. аттуу тургуну айдап келе жаткан. Текшерүү учурунда жолтандабастын багажынан атылган тоо теке табылган. Кармалган жаран текшерүүчүлөргө жапайы жаныбарды атууга эч кандай уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес. Анын айтымында, жарадар болгон тоо текени сырт аймагынан таап, багажга салып, айылына бара жаткан", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Ак-Суу РИИБдин электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүп берилди.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Ак илбирсти изилдөө үчүн Япониядан Кыргызстанга келген генетик. Маек