Психолог ажырашуу зарыл экенин айгинелеген белгилерди санап берди

Адис өнөктөш зордук-зомбулук көрсөтсө мамилени үзүү керектигин сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Психолог Юлия Жукова жубайлардын ажырашуусу зарыл экенин көрсөткөн белгилерди санап берди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Адистин айтымында, ажырашууга алып келген себептердин бири — түгөйлөрдүн биринин түнт болуп калышы. Эгерде сүйүктүүңүз жумушу же достору тууралуу айтуудан баш тартып, сөздү башка нукка бурса, анда бул кооптондуруучу белги. Ошондой эле сиздин жашооңузда эмне болуп жаткандыгына кызыкпай калса, ортодогу мамилени ары же бери кылууга убакыт жетти деп эсептеңиз.
"Баарлашуу учурунда сиздин пикириңизге көңүл бурбай же уккусу келбей калган учурлар да ажырашуунун белгилерине кирет", — деп кошумчалаган психолог.
Куру убадалар, башка бирөөлөргө салыштыруу, себепсиз кызгануу, көзөмөлдөө сымал кадамдар түгөйлөрдүн жакын арада эки ача жолго түшөрүнөн кабар берет. Адис мындай аракеттер мамилени биротоло бузуп, убакыттын өтүшү менен абал мындан да начарлай берерин айткан.
Мындан тышкары, жыныстык мамиледе бири-бирине шайкеш келбегендиги жана бул көйгөйдү чечүүгө каалоонун жоктугу ажырашууга алып келген себептердин бири экендиги белгиленген.
"Эгерде өнөктөш зордук-зомбулук көрсөтсө же кемсинтсе, сөзсүз түрдө кетүү керек. Зордук-зомбулук бар жерде сүйүүгө орун жок", — деген адис.
Кызганычтан кол көтөргөн жигитке кантип турмушка чыгам. Кыздын даты