ӨКМ: Майлы-Сууда абал четинен жөнгө салынып, үйлөргө жылуулук берилүүдө

Учурда көп кабаттуу үйлөрдүн 80 пайызы жылуулук менен камсыздалганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Майлы-Суу шаарындагы катуу сууктан улам үзгүлтүккө учураган жылуулук берүү системасын калыбына келтирип, шаар тургундарын суу менен камсыз кылууга 27 техника жана 170 кызматкер тартылганын билдирди.
"Учурда №1 жана №4 от казан ишке киргизилип, көп кабаттуу үйлөрдүн 80 пайызы жылуулук менен камсыздалууда. Мындан сырткары, "Кыргызнефтегаз" ишканасы шаардын Кутманова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн жер төлөсүндөгү тоңуп калган таза суу системасын атайын техника менен эритип, 807 абонентке ысык суу берилди", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ шаардагы кырдаал көзөмөлдө экенин кошумчалады.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей, жылуулук берүү дагы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Майлы-Суу шаарындагы мектептер онлайн окутууга өттү