Малик Аликеевдин сөөгү Таласта жерге берилет

Тажия саат 10.00дө башталары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Малик Аликеевдин сөөгү 19-январь күнү өзү туулуп өскөн Таластын Көпүрө-Базар айылында жерге берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, көптөн бери ооруп жүргөн таланттуу өнөрпоз 17-январь күнү кайтыш болгон.
"Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2022-жылдын 19-январында саат 10:00дө киндик каны тамган Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Аликеев 54 жашта эле. "Мөлмөлүм", "Арзыкан", "Таласым" сыяктуу ырларды ырдап чыгып таанымал болгон. Филармониянын алдында түзүлгөн "Эл ырчысы Эстебес" тобунда 16 жашынан бери ырдап келген.
2022-жылы шум ажал алып кеткен белгилүү кыргызстандыктар