Улуттук банк: валютаны белгиленген курстан жогору саткандар болсо кабарлагыла

Башкы банк чет элдик валюта элге маалыматтык тактада жазылган курс боюнча гана сатылып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаал тууралуу маалымат берип, ар дайым көзөмөлдө экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-15-январь күндөрү башкы банк тарабынан мониторинг жүргүзүлүп, банктарда жана акча алмашуу бюролорунда накталай чет өлкө валютасы кардарларды тейлөө үчүн жетиштүү экени аныкталган.
"Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга туруктуу негизде мониторинг жана талдоо жүргүзүп турат. Зарыл убакта, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында тиешелүү инструменттер колдонулат. Чет элдик валюта элге маалыматтык тактада жазылган курс боюнча гана сатылууда. Улуттук банк валюта рыногундагы абалды көзөмөлдөөнү уланта берет", — деп айтылат маалыматта.
Эгерде акча алмаштыруучу жайларда же коммерциялык банктарда чет өлкө валютасы тактада көрсөтүлгөндөй эмес, башка курс менен сатылып же алынып жатса Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0312 61-04-86, ошондой эле WhatsApp каналына 0551 890000 кайрылуу сунушталды.
Кыргызстандан долларды накталай түрдө алып чыгууга чек коюлду. Шарты