Сокулук: спецназ баңгизат ташыгандарды 12 кг нашаа менен кармады. Видео

Учурда кылмышка тиешеси бар делген башка кишилер изделүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкекте Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат жеткирип турган уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Аталган топтун 55 жана 59 жаштагы эки мүчөсү товарды Сокулук районунда сатууга даярданып жаткан жеринен кармалган. Кармоо учурунда алардын жанынан 12 килограммдан ашык нашаа алынган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда бул кылмыш ишке тиешеси бар делген башка кишилер изделүүдө.
УКМК: Кеминде мугалимдердин эсеби аркылуу 10 млн. сом уурдалган